Быйыл 7 айдын ичинде Казакстан менен Германиянын товар жүгүртүүсү 2,5 миллиард доллардан ашты. Экспорт 15% ашык өстү. Негизинен мунай, феррокуймалар, зымдар жана кабелдер, суутек жана башка өнүмдөр сатылат. Ал эми импортто немис дары-дармектерин жана вакциналарды, электрогенератордук орноткучтарды, жеңил унааларды, тиричилик техникаларын сатып алуу өсүүдө. Талдоочулар Астана менен Берлиндин ортосундагы байланыштар бир жагынан Казакстандын президентинин Германияга болгон бир нече жолу иш сапарынын, бизнес-форумдарды жана башка сүйлөшүүлөр аянтчаларын өткөрүүнүн, ошондой эле биздин өлкөнүн аймактарында немис университеттеринин филиалдарын ачуунун аркасында бекемделип жатканын белгилешет.
Ербулат Сейлеханов, Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун башкы илимий кызматкери:
– Бизде акыркы жылдары делегациялардын алмашуусу байкаларлык күчөдү. Менимче абдан маанилүү жана байкаларлык нерсе, бул акыркы жылдары биздин мамилелерибиздин институционалдашуусу болду. Тактап айтканда, бул «Борбор Азия + Германия» жана экинчи маанилүү формат «Европа Биримдиги – Борбор Азия» форматтары. Биринчи саммит өткөн жылдын жетинин айында өттү. Бул саммиттин жыйынтыктары боюнча эки тараптын ортосундагы соода жүгүртүү байкаларлык көбөйдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

