Жаңы Жарандык кодекс санариптик экономиканын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгууда

Жаңы Жарандык кодекс санариптик экономиканын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгууда

Казакстандын жаңы Жарандык кодексинде санариптик укуктук мамилелерди жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулат. Документти иштеп чыгуу мамлекет башчысынын элге жолдогон кайрылуусунда айтылган демилгелерди ишке ашыруунун алкагында башталды. Мыйзамдык өзгөртүүлөр жарандардын мүлктүк укуктарын коргоого жана келишимдик мамилелердин туруктуулугун бекемдөөгө багытталат. Бул маселелер Юстиция министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин жыйынында талкууланды. Юристтер, адвокаттар, нотариустар жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү казакстандыктардын кайрылууларын кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча «Е-Өтүнүч» электрондук тутумун өркүндөтүү, нотариустук кызматтарды оптималдаштыруу жана мыйзам демилгелерин коомдук талкуулоону кеңейтүү маселелерин көтөрүштү. Сунуштар жаңы жарандык кодексти иштеп чыгууда каралат, деп белгилешти жыйындын катышуучулары.

Марат Башимов, Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Коомдук кеңештин төрагасы, Казакстан Курултайынын депутаты:

– Учурда санариптик экономика жана санариптик укук маселелери биринчи планга чыгууда. Андыктан юристтер бул тармакка өзгөчө көңүл бурушу керек. Жарандык кодекске киргизилген өзгөртүүлөр санариптик укуктук мамилелерге да тиешелүү. Тактап айтканда, электрондук санариптик кол тамганы укуктук жөнгө салуу кодексте чагылдырылышы керек. Мамлекет башчы белгилегендей, бул ишке илимпоздорду, алдыңкы адистерди тартуу зарыл, алар биргелешип өз сунуштарын иштеп чыгышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков