Алатау шаарында өзгөчө укуктук режимдин алкагында иштөө үчүн өзүнчө сот тутумун түзүү пландалууда. Бул жердеги коммерциялык талаш-тартыштарды англис жалпы укук модели боюнча Инвестициялык сот карайт. Бул тууралуу өлкө президенти Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. Касым-Жомарт Токаевдин пикири боюнча, натыйжалуу сот адилеттиги ар кандай эл аралык юрисдикциянын узак мөөнөттүү жагымдуулугунун негизги шарты. Андыктан бул чет элдик инвесторлорду тартууга жардам берет. Ошол эле учурда, шаардын өзгөчө укуктук режимине байланыштуу башка маселелер Жарандык сотко өткөрүлүп берилет. Өкмөткө 2027-жылдын үчтүн айынын аягына чейин «Алатаунун өзгөчө укуктук режими жөнүндө» Конституциялык мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү Курултайга кароого киргизүү тапшырылды. Президент дагы бир жолу баса белгилегендей, бул шаар тездетилген өнүгүү шаары жана инвестициялар жана ишкердик үчүн жагымдуу аянтча болушу керек. Ошол эле учурда, Касым-Жомарт Токаев бардык ишкерлердин инвестициялык кызыкчылыктары эң күчтүү, ишенимдүү укуктук коргоо - Конституция тарабынан кепилденгендигин дагы бир жолу эскертти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

