Казакстан E-Government дүйнөлүк рейтингинде ТОП-25ке кирди

Казакстан E-Government дүйнөлүк рейтингинде ТОП-25ке кирди

Казакстан аймактагы санариптик лидерлердин бири катары позициясын чыңдоодо. Өлкө БУУнун электрондук өкмөт рейтингинде дүйнөлүк 25 алдыңкы орунга кирди. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтардын 90% ашыгы онлайн режиминде көрсөтүлөт, ал эми дээрлик 96% смартфон аркылуу жеткиликтүү. Жыл башынан бери эле жарандар 51,5 миллиондон ашык электрондук кызматтарды алышкан. Санариптештирүү IT тармагынын өнүгүшүнө да салым кошууда. Astana Hub экосистемасында эки миңден ашык компания, өлкө боюнча 20 аймактык жана төрт эл аралык технологиялык хабдар иштейт. Жалпысынан өткөн жылы ички IT кызматтарынын экспорту 1,1 миллиард долларга жеткен. Жасалма интеллект өлкөдө активдүү өнүгүп жатат, суперкомпьютер инфраструктурасы жана улуттук AI платформасы иштелип чыгууда. 2030-жылга чейин Казакстанда IT кызматтарынын экспортун 5 миллиард долларга жеткирүү жана 10 миң адисти жасалма интеллект боюнча окутуу көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков