Инновациялык изилдөө Казакстан илимпоздоруна АКШ жана Европада кызыгуу пайда болду

Инновациялык изилдөө Казакстан илимпоздоруна АКШ жана Европада кызыгуу пайда болду

Казакстандык «акылдуу» батек чет өлкөлөрдө популярдуулукка ээ болууда. Mirai Tech компаниясынын Deep-tech стартапына Нидерландыда жана АКШда кызыгышты, ал жакта аны спорт клубдары сынап жатышат. Ийгиликтүү болгон учурда, долбоорду Германия, Улуу Британия жана башка Европа өлкөлөрүнүн рынокторуна да чыгаруу пландалууда. Чет элдик адистер иштеп чыгуунун жогорку тактыгын белгилешет. Алардын айтымында, система көзгө көрүнбөгөн майда өзгөрүүлөрдү да каттайт. Биомеханикалык талдоонун мындай деталдаштыруу деңгээлин алар уникалдуу деп аташат. Өнүмдү ишке киргизүү алдында чоң анонимделген маалымат базасы топтолгон. Сыноолор Астананын бир нече клиникаларында жана спорт борборлорунда өткөрүлүп, ар кандай басуу түрлөрү, жаракаттары бар же жок адамдардын кыймылдоо өзгөчөлүктөрү изилденген.


Абылайхан Ергеш, Mirai Tech техникалык мүдүрү:


– Биз жетүүнү көздөгөн негизги максат - жаракаттарды алдын ала айтуу, башкача айтканда, футбол клубдары, ар кандай чоң спорт клубу, чоң лигалар спортчуларга абдан көп акча коротушат, бул алар үчүн өтө баалуу актив. Актив жаракат алганда, актив наркын жоготот. Биз дал ушул учурду алдын алууну каалайбыз. Биз сиздин согончогуңузга, бармагыңызга, манжаларыңызга кантип басканыңызды көрө алабыз жана бул маалыматтын баарын, канча күч менен басканыңызды көрүп, мунун баарын талдоого, кандайдыр бир баалуулукка айлантып, кардарларга жеткиребиз.


Башкача айтканда, реалдуу убакыт режиминде иштеген иштеп чыгуулар басканды талдап, смартфон аркылуу дарыгерлерге же машыктыруучуларга маалымат жөнөтөт. Бул жүктү көзөмөлдөөгө, калыбына келтирүүнү байкоого, асимметрияны аныктоого, жаракат алуу коркунучун азайтууга, машыгуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле реабилитацияда колдонууга жардам берет. Ошол эле учурда, иштеп чыгуучулар баса белгилегендей, алар ички тамандарды толугу менен өздөрү өндүрүшөт. Электрондук модулдарды кошкондо, бардык тетиктер өзүлөрүнүн схемалары жана дизайндары боюнча чыгарылат.


Абылайхан Ергеш, Mirai Tech техникалык мүдүрү:


– Биз колдонгон сенсорлор сыяктуу өнүмдөр дүйнөдө азырынча жок. Бул жагынан биз жаңыбыз. Ошондой эле башкы өзгөчөлүк кызматкерлердин өзүндө деп эсептейм. Башкача айтканда, бизде бирдиктүү идея, командалык бир максат бар жана биз өнүгүп жатабыз. Кеп маалыматты кантип алганыңызда гана эмес, ал маалыматты андан ары кантип колдоноруңузда. Бул нерсе түз эле биздин өнүмгө камтылган.  Бут кийимдин ичине салынуучу ички тамандын калыңдыгы, бул чоң батек эмес, бул чындыгында абдан жука батек, кийгенде, ал бар экенин сезбейсиз да, же бут кийимиңиздеги кадимки батектен айырмаланбайт. Бирок ошол эле учурда сиз ал жерден көп маалымат аласыз.


Иштеп чыгуучулардын айтымында, нано-ички тамандарды спортто гана эмес, медицинада да, келечекте камсыздандыруу тармагында да колдонсо болот. Бул үчүн анын функционалын кеңейтүү пландалууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков