Казакстан масштабдуу инфраструктуралык жаңыртууну баштады. Бул тууралуу бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаев «Казакстандын жаңы тарыхый циклинин актуалдуу милдеттери» аттуу кайрылуусунда жарыялады. Мамлекет башчысы өлкөнүн инфраструктураны өнүктүрүү жана ар бир аймакты көрктөндүрүү үчүн жетиштүү дарамети бар экенин белгиледи. Эл аралык валюта фондунун божомолуна ылайык, быйыл Казакстандын ички дүң өнүмү 400 миллиард долларга жакындайт. Муну менен өлкө экономиканын көлөмү боюнча дүйнөдө 47-орунга көтөрүлөт. Бүгүнкү күндө Казакстанда кайра иштетүүчү өнөр жай динамикалуу өнүгүп жатат. Анын ИДӨдөгү үлүшү 14%га жетти. Ошол эле учурда, алтын-валюталык резервдердин жана Улуттук фонддун активдеринин көлөмү 130 миллиард доллардан ашты. Эми социалдык, транспорттук, инженердик инфраструктура объекттерин куруу жана модернизациялоо мезгили келди, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өкмөт инфраструктураны модернизациялоо боюнча теңдешсиз планды иштеп чыгат. Бул иштерди ишке ашыруу үчүн 2029-жылдын аягына чейин Улуттук фонддон болжол менен 6,5 триллион теңге бөлүнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

