Казакстан менен Германия биргелешкен суу хабын түзүүнү пландашууда

Казакстан менен Германия биргелешкен суу хабын түзүүнү пландашууда

Казакстанда Германия менен биргелешкен суу хабы түзүлөт. Анын милдети – ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап технологияларды жана инженердик чечимдерди тартуу. Долбоорго эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрү, бизнеси жана серепчилери биригүүсү пландалууда. Бул демилгени суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жана Германиянын Казакстандагы элчиси Хайке Ренате Пайч талкуулашты. Долбоордун концепциясы German Water Partnership ассоциациясына макулдашууга жөнөтүлдү. Бул ассоциацияга 300дөн ашуун профилдик компаниялар кирет. Жаңы технологияларды түздөн-түз объектилерде сыноо пландалууда. Мүмкүн болгон долбоорлордун арасында – санариптик инновацияларды киргизүү, сууну тазалоо жана инфраструктураны модернизациялоо бар. Мындай чечимдер өнөр жайда өзгөчө талап кылынат. Учурда Казакстандын өндүрүш ишканалары өлкөдө колдонулган суунун төрттөн бир бөлүгүнө чейин ээлейт. 600дөн ашуун компания кайрадан же айланма суу менен камсыздоого өтүүгө даярданып жатат.


Нуржан Нуржигитов, Казакстан Республикасынын Суу ресурстары жана ирригация министри:


– Бүгүн биз Германиянын ишканаларында адистерибизди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча атайын сунушту жарыяладык. Мен бул маселелердин бардыгын жана ишмердүүлүк багыттарын биздин инновациялык борбордун концепциясында чагылдырдык деп ойлойм. Бул иштеп чыгуу кырдаалдарды алдын ала айтуу жана санариптештирүү боюнча акыркы окуяларды колдонууну камтыйт.


Борис Грайфенедер, German Water Partnership уюмунун аткаруучу мүдүрү:


– Германиянын экономика министрлиги менен Казакстандын өнөр жай министрлигинин ортосунда жол карта иштелип чыгат. Алар биргелешип суунун сапатын изилдөө жана зарыл өлчөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон лаборатория долбоорун ишке ашырышат. Бул биринчи этап гана. Кийинки кадам казак-герман суу-технологиялык хабынын ачылышы болушу керек. Анда, биз технологияларды өткөрүп берүү боюнча иштейбиз деп пландап жатабыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков