Республикалык кинолекторий Көкшетауда уланды

Республикалык кинолекторий Көкшетауда уланды

Казакстандын Президенттик телерадиокомплексинин «Хроникадан келечекке» республикалык кинолекторийи бул жолу Көкшетауда өттү. Эки күндүн ичинде шаар тургундарына Казакстандын тарыхы, жаратылышы жана бүгүнкү күнүнө арналган төрт даректүү тасма көрсөтүлөт. Программа «Жолборс: тайгадан талаага» аттуу туран жолборсунун кайра кайтып келиши тууралуу тасма менен ачылды. Андан соң өлкөнүн жаратылыш байлыктары тууралуу баяндаган «Travel Kazakhstan» тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле «Кулалы аралынан келген адам» жана «ARAL» тасмаларын көрсөтүү пландалган. Көрүүчүлөр тасмалардын авторлору менен жолугуп, суроолорун бере алышат. Белгилей кетсек, кинолекторий буга чейин республиканын 20га жакын шаарын камтыды. Долбоор аяк оона айына чейин уланат. Кийинки аянтча Алматы шаары болот.

Нургул Нурмышева, шаар тургуну:

– Бул даректүү тасмаларды тарткан чыгармачыл топко абдан ыраазымын. Тасмалар абдан ийгиликтүү тартылыптыр. Жолборстордун кайра алып келингенин көрсөтүшкөнү да абдан кызыктуу болду. Менимче, мындай долбоорлор абдан маанилүү. Бул эстафета сыяктуу уланып, мындан ары да өнүктүрүлүшү керек.

Мадина Мубарак, шаар тургуну:

– Белгилүү болгондой, акыркы туран жолборсу 1948-жылы Казакстанда жок болгон. Эми бул жырткычтардын тарыхый жашоо чөйрөсү болгон Иле-Балхаш аймагына Орусиянын Хабаровск аймагынан алып келинген төрт амур жолборсун кое берүү пландалууда. Алар келечектеги популяциянын негизин түзөт деп ишенебиз. Эң негизгиси, 78 жылдан кийин жолборстор кайрадан Казакстандын жеринде пайда болушу мүмкүн. Менимче, бул биз үчүн жаратылышты коргоо жаатындагы маанилүү долбоор гана эмес, чоң сыймыктанууга себеп болгон окуя.

Которгон: Назира Бегалиева