Европа Биримдиги Казакстандын реформаларын оң баалады

Европа Биримдиги Казакстандын реформаларын оң баалады

Казакстан мамлекеттик институттарды чыңдоого, коомдук диалогду өнүктүрүүгө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформалардын жаңы этабына кирүүдө. Европа Биримдиги өзгөрүүлөрдү жогору баалайт жана өлкө менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси Алешка Симкич билдирди. Европалык бизнес үчүн так эрежелер жана туруктуу өкмөттүк иш-аракеттер маанилүү. Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык байланыштар өсүп жатат. Өткөн жылы соода алмашуу 45 миллиард доллардан ашты. Ал эми акыркы 20 жылда европалык компаниялар өлкөнүн экономикасына 200 миллиард доллардан ашык инвестиция салышты. Бүгүнкү күндө Казакстан жана Европа Биримдиги өлкөлөрү энергетика, транспорт, санариптик технологиялар жана маанилүү ресурстарды өндүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда.


Алешка Симкич, Европа Биримдигинин Казакстандагы элчиси:


– Вице-президенттин премьер-министр жана өкмөт менен кандайча өз ара аракеттене турганын, ошондой эле Курултай кандай иштээрин дагы көрүшүбүз керек. Жаңы дайындоолор да уланууда. Ошондуктан, биз конституцияга өзгөртүү киргизүү процессин сиздер сыяктуу эле кунт коюп байкап турабыз. Казакстан демократиялык жолу менен кете берет деп үмүттөнөбүз жана ишенебиз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков