Бүгүн Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында VI Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Аземде Казакстандын Президенти спортчуларды жана машыктыруучуларды
таасирдүү оюндары менен куттуктады. Эске сала кетсек, улуттук курама команда
жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлеп, 74 медаль утуп алды. Мамлекет
башчысы спортчуларыбыз мыкты чеберчиликти көрсөтүшкөнүн жана алардын жеңиши
бүтүндөй өлкө үчүн сыймык экенин, Казакстандын улуттук спорттогу жогорку аброюн
тастыктаганын белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Бул ийгилик элибиздин күчтүү
мүнөзүнүн, чыныгы рухунун улуулугунун жана жеңишке болгон талашсыз эркинин
ынандырарлык далили болду. Албетте, спорттун эң маанилүү миссиясы - өз ара
урматтоону жана колдоону өнүктүрүү, ошондой эле элдердин ортосундагы достукту
чыңдоо. Бул сонун спорттук иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, анын
жыйынтыктары адилеттүү болду. Бул жагынан алганда, мен Кыргыз Республикасынын
Президентине ыраазычылык билдиргим келет.
Бирок кандай
гана ийгилик болбосун, ал системалуу иштин натыйжасы. Акыркы жети жылдын ичинде
өлкөдө 500дөн ашык спорттук имараттар курулуп, бир катар спорт залдар, арена
жана спорт аянтчалары модернизацияланды. Андан тышкары, өткөн жылы эле 220
миңден ашык жаш казакстандыктар спорт клубдарына акысыз барышкан. Улуттук спорт
түрлөрү да өлкөдө ушундай эле өнүгүүгө ээ болууда. Алардын макамы юридикалык
жактан олимпиадалык спорт түрлөрүнө барабар. Учурда өлкөдө 30дан ашык
адистештирилген мекеме иштейт, ал эми борбор калаада Улуттук спорт университети,
Улуттук жана ат спорту борбору ачылды. Бирок тармак үчүн алдыда көптөгөн
милдеттер бар.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– Быйыл Астана салттуу спортту жана
санариптик технологияларды айкалыштырган уникалдуу турнир болгон «Келечек оюндарын» ийгиликтүү өткөрдү. Кийинки жылы
борбор калаада жети дүйнөлүк чемпионат өтөт. Биздин алдыбызда чоң иштер турат,
бирок бул эл аралык иш-чаралардын баары өлкөбүздүн аброюн жана кадыр-баркын
чыңдоо үчүн абдан маанилүү. Ал эми 2029-жылы Алматыда 10-кышкы Азия оюндары
өтөт. Бул ири турнирлердин баары эң жогорку деңгээлде уюштурулушу керек.
Касым-Жомарт
Токаев учурда бүткүл дүйнө мелдештерге кызыгып жатканын белгилеп, бир тууган
элдерди аларды өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн күч-аракетин бириктирүүгө чакырды.
Бул Улуу Талаа цивилизациясынын мураскерлеринин байыркы салттарын, руханий
баалуулуктарын сактоого жана жайылтууга жардам берет. Аземдин жүрүшүндө
Президент жеңүүчү спортчуларга, ошондой эле алардын устаттарына, спорт
уюмдарынын жетекчилерине жана Оюндарды даярдоого катышкан ишкерлерге
мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

