«Келечек оюндары-2026» рекорддук көрүүчүлөрдү топтоду

«Келечек оюндары-2026» рекорддук көрүүчүлөрдү топтоду

Астанада өтүп жаткан «Келечек оюндары – 2026» кызуу жүрүп жатат. Турнирдин башкы дисциплиналарынын бири катары Дота 2 калууда. Белгилүү болгондой, дал ушул оюн дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрдүн эң көп көңүлүн бурууда. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мелдештин түз эфирлери рекорддук көрсөткүчкө жетип, 185 миллиондон ашык кароо жыйнады. Бул мелдештин Казакстандан сырткары да канчалык популярдуу экенин далилдейт. Чемпиондук наам үчүн Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Американын 34 өлкөсүнөн келген эң күчтүү 16 команда күч сынашууда. Дисциплинанын жалпы байге фонду - 1 миллион доллар, аны оюндун байгелүү орундарын ээлегендер бөлүшөт. Катышуучулар мелдештин уюштурулушу аларга таасир калтырганын жана оюндун жыйынтыгына карабастан, «атмосфера шыктандырат» деп айтышат.

 Брайл Альвизо, «Келечек оюндары-2026» катышуучусу:

–  Жалпысынан мелдеш абдан жакшы өтүп жатат. Тамак-ашы эң сонун, графиги да ыңгайлуу, уюштуруучулар бизди абдан жылуу тосуп алышты. Адамдары да аябай меймандос экен. Өзүбүздү абдан жакшы сезип жатабыз, уюштуруу иштерине ыраазыбыз. Оюндун башында алдыга чыгып, беттешти жеңип алууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок, тилекке каршы, аягына чейин жеткире албай калдык.

Белгилей кетсек, учурда турнирде чейрек финалдык беттештер өтүүдө. Плей-офф баскычына эң мыкты сегиз команда чыкты. Бул этаптагы бардык оюндар «үч беттештин мыктысы» форматында өтсө, гранд-финал «беш беттештин мыктысы» тутумунда уюштурулат. Финалдык оюндар баш оона айынын 5не чейин уланат. Мелдеште Казакстандын атынан «Rune Eaters» командасы катышууда. Бүгүн ата мекендик оюнчулар Кытайдын «Yakult Brothers» командасы менен күч сынашат.

Ербол Мырзабосынов, Казакстан Республикасынын спорт жана туризм министри:

– Бүгүнкү күндө киберспорт жигердүү өнүгүп жатат. Өзгөчө жаштар арасында бул спорттун эң популярдуу түрү болуп саналат. Казакстан эл аралык мелдештерди өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ. Өлкөдө заманбап спорттук инфраструктура калыптанган. Эми биз киберспортту өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайбыз. «Келечектин оюндары» долбоору жаңы өнөктөштүккө жана тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат.

Которгон: Назира Бегалиева