Астана 2027-жылы үстөл тенниси боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт. Бул мелдешке чейин Борбордук Азияда мындай масштабдагы спорттун аталган түрү боюнча биринчи мелдеши болот. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Эл аралык үстөл тенниси федерациясынын башчысы Петра Сёрлинг менен жолугушууда айтты. Касым-Жомарт Токаев казакстандык жаштардын бул спортко болгон кызыгуусун белгиледи. Азыркы учурда алар менен үзгүлтүксүз 260 миңден ашык адам машыгып жатат. Өлкөдө тиешелүү инфраструктура да өнүктүрүлүүдө. Мамлекет башчысы Петра Сёрлингге дүйнө чемпионатынын даярдыгына көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде федерациянын жетекчиси Касым-Жомарт Токаевдин өлкөдөгү үстөл теннисин ар тараптуу колдоп жатканын белгилеп, аны жайылтуу боюнча пландары менен бөлүштү. Жолугушуунун соңунда Президент Петра Сёрлингди Казакстанда спорттун аталган түрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

