Казакстанда эки жаңы мамлекеттик сыйлык пайда болот. Тизмеге «Шамшы Калдаяков» медалы жана «Казакстандын эмгек сиңирген сүрөтчүсү» ардак наамы кошулат. Мындай чечимди Президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекет башчысынын кеңешчиси жана басма сөз катчысы билдирди. Ардактуу сыйлыктар казакстандыктарга улуттук маданиятты, анын ичинде музыканы жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат. Айбек Смадияров маданият жана искусство биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизи экенин белгиледи. Ошондуктан Жаңы Конституцияда бул чөйрөнү ар тараптуу колдоо мамлекеттин негизги принциби катары эң жогорку укуктук деңгээлде бекемделген.
Которгон: Назира Бегалиева

