Казак тилин үйрөнүү үчүн Оксфорддон Түркестанга чейин. Британ университетинин студенттери эки жумалык тил программасы менен өлкөгө келишти. Сабактар Кожа Ахмет Ясауи атындагы Эл аралык казак-түрк университетинде өтүп жатат. Угуучулар грамматиканы жана лексиканы өздөштүрүп, казакча сүйлөшүүнү үйрөнүп, өлкөнүн маданияты менен таанышышат. Программаны Казакстандын Билим берүү, илим министрлиги эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары жана илимий борборлору менен биргеликте уюштурду. Ал казак тилине эл аралык аудиториянын кызыгуусун арттырууга жардам берет жана кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Рори Кронин, Оксфорд университетинин студенти, /Улуу Британия/:
– Мен Оксфорддо сабак берген жана быйыл бизге факультатив катары казак тилин окууну сунуш кылган окутуучу Дидарга чоң ыраазычылык билдиргим келет. Сабактар жумасына эки жолу, ар бири төрт сааттан өткөрүлөт. Борбордук Азия көп жагынан таң калыштуу аймак жана мен аны жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө кубанычтамын. Бул өлкөнү тереңирээк түшүнгүм келет, ал эми мамлекеттик тилди үйрөнүү, менин оюмча, өлкө жана анын маданияты менен таанышуунун эң жакшы жолдорунун бири.
Даниель Ливинстон, Оксфорд университетинин студенти, /Улуу Британия/:
– Мен тил үйрөнүүнү абдан жакшы көрөм. Бир жолу бир досум мага акысыз казак тили курсу жөнүндө айтып берген. Мага түрк тилдеринин бирин өздөштүрүү ошол эле учурда аймактын маданиятын жакшыраак түшүнүү абдан кызыктуу болду. Мен казак тилинде сүйлөгөнүмдү өркүндөтүүнү, көбүрөөк машыгууну Казакстан жана Борбордук Азия жөнүндөгү билимимди тереңдетким келет.
Казак тилин үйрөнүү класстан тышкары да кеңири жайылат. Студенттер Түркестан, Шымкент жана Тараз шаарларындагы тарыхый жерлердеги жолугушууларда жана саякаттар учурунда өз ара сүйлөшүп машыгышат. Ошентип, алар жаңы сөздөрдү, сөз айкаштарын дароо практика жүзүндө колдонушат, ошол эле учурда Казакстандын тарыхы жана маданияты жөнүндө көбүрөөк билишет.
Дидар Садық, Оксфорд университетинде казак тилинин мугалими:
– Казак тилин үйрөнүүгө болгон суроо-талап жогору. Европада жана АКШда Казакстанга болгон кызыгуу өсүп жатат, студенттер өлкөнүн тарыхый, саясий жана экономикалык аспектилерин изилдөөгө ынтызар. Бирок, Борбордук Азия жана Евразия жалпысынан жетиштүү деңгээлде изилденбеген бойдон калууда. Ошондуктан, мен ушул он жылдыктын башында эле британ университеттери казак тили курстарын толук кандуу академиялык дисциплиналар катары киргизе баштайт деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

