Казакстандык кол өнөрчүлөр «Sheber» бирдиктүү санариптик платформасы аркылуу буюмдарын сата алышат. Астанада сунушталган жаңы долбоор ата мекендик чеберлерди колдоого жана аларды жаңы сатуу рынокторуна чыгууга жардам берүүгө багытталган. Мобилдик тиркемеде бүгүнкү күндө 100дөн ашуун кол өнөрчү катталган. Бул жерде колго жасалган булгаары, карападан жасалган буюмдар, улуттук зер буюмдар жана азем белектер сунушталган. Платформа үч тилде – казак, англис жана орус тилдеринде иштейт жана жасалма интеллект технологияларын колдонот. Алар ишкерлерге товардык карточкаларды толтурууга, сүрөттөрдү иштеп чыгууга жана өнүмдөрдүн сүрөттөмөсүн түзүүгө жардам берет.
Наджибулла Габибулла уулу, тиркемени иштеп чыгуучу:
– Биз SHEBER уюлдук тиркемесин иштеп чыктык, ал биздин кол өнөрчүлөрдү колдоп, аларды кардарлар менен байланыштырат. Буга жетүү үчүн биз жасалма интеллект менен иштеген жеке аккаунт түздүк, анда өнүмдөрдү кошууга, толук оңдоого жана сүрөттөмөлөр, бардык тегдер жана башкалар менен кошо болот.
Долбоор кол өнөрчүлөрдү колдоого гана эмес, жалпы эле Казакстандын чыгармачыл экономикасын өнүктүрүүгө багытталган. Санариптик платформа «Атамекен» ишкерлер палатасына өткөрүлүп берилди, алар өлкөнүн бардык аймактарынан кол өнөрчүлөрдү программага тартууну пландап жатышат. Пилоттук этап Алматы шаарында жана Алматы облусунда башталат. Келечекте казакстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин соода түйүндөрү, музейлер, аэропорттор жана туристтик жайлар аркылуу жайылтуу көздөлүүдө. Айыл жергесиндеги ишкерлерди колдоо жана окутууга өзгөчө көңүл бурулат.
Ксения Семенчук, Казакстан Республикасынын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын аймактарды, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү департаментинин башкаруучу мүдүрү:
– Бул платформа чыгармачылык менен алектенген ата мекендик ишкерлерге күнүмдүк уюштуруу иштеринен арылууга жана өздөрүнүн уникалдуу чыгармаларын жана зер буюмдарын жасоого көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүндүк берет. Бул алар үчүн чоң жардам. Анткени алар азыр логистиканы уюштуруу, товарларды кантип жеткирүү жана аларды кантип таңгактоо боюнча башын оорутпайт. Бул багыттар боюнча аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

