Түркмөнстанда көз карандысыздыктын 35 жылдыгына карата өлкө президентинин ахалтеке ат комплекси ачылды. Ал Ашхабаддын айланасында жайгашкан жана 1200 атты багуу үчүн эсептелген. Бул жерде селекциялык лабораториялар жана заманбап ветеринардык клиника бар. Ал эми электрондук система аттардын абалын, микроклиматты жана тоюттандыруу графигин реалдуу убакытта байкоого мүмкүндүк берет. Машыгуулар жана мелдештер үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген жабык манеж, ачык арена жана жарыш жолдору жабдылган. Аттарды калыбына келтирүү үчүн суу жабдыктары да бар. Жаныбарларды өз тоюттары менен камсыз кылуу үчүн бул жерде бак-дарактар тигилип, талаалар айдалган. Комплекстин ачылышына Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, саясий жана маданий ишмерлер, дипломаттар катышты. Иш-чара «Галкыныш» тобунун атчан оюнчуларынын көркөм чыгуулары, ат жарыштары, спорттук мелдештер, түркмөн алабайларынын көргөзмөсү жана салтанаттуу концерти менен уланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

