Казакстан биринчи АЭСти куруу боюнча келишимге кол койду

Казакстан биринчи АЭСти куруу боюнча келишимге кол койду

Казакстанда биринчи АЭСтин курулушу жаңы, практикалык деңгээлге өттү. Владивостоктогу XI Чыгыш экономикалык форумунун алкагында «Казакстан атомдук электр станциялары» жана «Росатомдун» туунду компаниясы «Атомстройэкспорт» өлкөдө атомдук электр станциясын долбоорлоо, жеткирүү жана куруу боюнча келишимге кол коюшту. Долбоорду ишке ашыруу стратегиялык мааниге ээ. Экономиканын, инфраструктуранын, санариптештирүүнүн жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнүн фонунда Казакстандын ишенимдүү, туруктуу электр энергиясына болгон муктаждыгы гана өсөт. Ошентип, АЭСтин курулушу Казакстандын энергетикалык коопсуздугун, көз карандысыздыгын бекемдөө боюнча узак мөөнөттүү курсунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда локализацияга – казакстандык ишканаларды, адистерди, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү максималдуу тартууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул өз кезегинде ата мекендик өнөр жайды, технологияларды, улуттук компетенцияларды атомдук тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн шыктандырат.

Алмасадам Саткалиев, Казакстандын атомдук энергия боюнча агенттигинин төрагасы:

– Казакстан ала турган пайдалар жана шартсыз артыкчылыктар жөнүндө сөз кылуу абдан маанилүү. Биринчиден, бул, албетте, өлкөнүн энергетикалык тартыштыгы бар түштүгүндө электр энергиясынын аз көмүртектүү булагын түзүү, бул жалпысынан Борбордук Азия регионунда энергетикалык баланстын жана суу режиминин туруктуулугуна өбөлгө түзөт. Албетте, бул ата мекендик чийки затты, биздин уран өнүмүбүздү атомдук электростанцияларга отун катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү. Мындай кадам «Росатом» корпорациясы менен кызматташуунун бардык спектрин камтыйт. Буга жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий жана прикладдык изилдөөлөр кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков