Бакудагы АӨИЧК саммити: кызматташтыктын негизги багыттары

Бакудагы АӨИЧК саммити: кызматташтыктын негизги багыттары

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишенимди бекемдөө боюнча кеңешменин (АӨИЧК) 7-саммити бүгүн Бакуда өтөт. 28 мүчө мамлекеттин өкүлдөрү аймактык коопсуздукту, транспорттук жолдорду жана санариптик кызматташтыкты талкуулашат. Бул платформа Казакстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. 30 жылдан ашык убакыт мурун өлкө аны түзүү демилгесин көтөргөн. 2022-жылы АӨИЧКны консенсуска негизделген толук кандуу аймактык эл аралык уюмга айландыруу боюнча Астана декларациясы кабыл алынган. Учурда Уставдын долбоору даярдалууда. Өлкөлөр практикалык кызматташтыкты да бекемдеп жатышат. Багыттардын бири - транспортту санариптештирүү. Казакстан менен Азербайжан жалпы транспорттук жолдорду иштеп чыгып, эл аралык жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштеп жатышат. Жүк агымын тездетүү үчүн электрондук маалымат алмашууну жолго коюу зарыл.

Рауф Агамирзаев, транспорт жана логистика боюнча серепчи, Азербайжан:

– Ар бир өлкө өз аймагында санариптештирүү боюнча иштеп жатат. Бирдиктүү экосистеманы түзүү үчүн бул процесстерди синхрондоштуруу керек. Көрүнүп тургандай, Астанада, Бакуда, Тбилисиде жана Анкарада Ортоңку коридор боюнча мезгил-мезгили менен параллелдүү жолугушуулар өткөрүлүп турат. Менимче, алдыдагы жылдары бул жаатта сезилерлик натыйжаларды көрөбүз.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешинин кызматташтыгынын бир багыты - энергетикалык коопсуздук. Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан жашыл энергетикалык коридор долбоорун иштеп чыгууда. Ал Каспий деңизинин түбүндөгү суу астындагы кабелдин жардамы менен үч өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүүнү камтыйт. Бул мамлекеттер ортосунда электр энергиясын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Ильхам Шабан, мунай изилдөөлөр борборунун жетекчиси, Азербайжан:

– Электр энергиясын биз жеткиребиз, ал тургай Кара деңиздин түбү аркылуу Европага, ошондой эле Грузия, Түркия аркылуу да жеткире алабыз. Казакстандын келечеги абдан жакшы, анткени Казакстан төрт-беш жылдан кийин гана жашыл энергияны ири дүйнөлүк рыноктарга экспорттоочу болбостон, транзиттик өлкө да болот.

Санариптик өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулат. АӨИЧКнын кийинки иш багыттары Баку декларациясында чагылдырылат деп болжолдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков