Анкарадагы Президенттик сарайында Касым-Жомарт Токаевды салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү. Казакстандын Президенти Түркияга расмий сапар менен келди. Мамлекет башчынын урматына ардактуу күзөт тизилип, кортеж атчан гвардия коштоп жүрдү. Касым-Жомарт Токаевды Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, 21 жолу артиллерия залп атылды. Эки өлкөнүн лидерлери алгач тар, андан кийин кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Касым-Жомарт Токаев Түркиянын президентине жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Республика күнү менен куттуктады. Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган казак-түрк кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү ниетин тастыктады. Сүйлөшүүчүлөр эки тараптуу мамилелердин түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп жатканын белгилешти. Казакстандын президенти өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай карама-каршылыктар жок экенин баса белгиледи. Тараптар эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында бири-бирин тынымсыз колдоп турушат. Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Түркия Казакстандын беш ири соода өнөктөшүнүн бири экенин жана өлкөлөр товар жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын белгилей кетүү керек. Тараптар транспорт, логистика, энергетика, жасалма интеллект, айыл чарба комплекси, коргоо өнөр жайы тармактарын өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн келечектүү деп атап, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

