Alatau City шаарына дээрлик 7 миллиард доллар инвестиция тартуу пландалууда

Alatau City шаарына дээрлик 7 миллиард доллар инвестиция тартуу пландалууда

«Alatau City» долбоорунун инвестициялык портфели 67 долбоорду камтып, жалпы инвестициянын көлөмү 7 миллиард долларга жакындады. Бул тууралуу Премьер-министр Олжас Бектеновдун төрагалыгы астында өткөн «Alatau City» кеңешинин жыйынында жарыяланды. Учурда келечектеги шаар үчүн бир катар ири жаңы долбоорлор боюнча иштер жыйынтыкталууда. Алардын катарына туруктуу авиациялык отун жана «жашыл» энергия өндүрүү, логистика, маалыматтарды иштетүү жана санариптик инфраструктура, ошондой эле жогорку технологиялуу агроөнөр жай комплекси кирет. Мындан тышкары, Hyundai Motor Company менен акылдуу мобилдүүлүк жана суутек технологияларын өнүктүрүү боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди. «Alatau Crypto City» шаарын өнүктүрүү демилгесинин алкагында Tokenization by Default концепциясы иштелип чыкты; бул демилге 43 эл аралык жана казакстандык компаниянын кызыгуусун жаратты. Жалпы наркы 10 миллион долларды түзгөн токенизациялоо долбоорлорун 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Кеңештин жыйынында шаардын инженердик жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерине басым жасалып, 26 инфраструктуралык долбоор каралды. Жалпысынан алганда, учурда шаарды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык башкы планы жана 2055-жылга чейинки узак мөөнөттүү план иштелип жатат.

Которгон: Назира Бегалиева