Борбордук Азия менен Кытайдын кызматташтык келечеги Астанада талкууланды

Борбордук Азия менен Кытайдын кызматташтык келечеги Астанада талкууланды

Борбор Азия глобалдык инвестициялык агымдардын тартуу борборуна жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчүнө айланууда. Аймактын жаңы мүмкүнчүлүктөрү, бул жерден өткөн транспорттук-логистикалык маршруттар аркылуу сооданы кеңейтүү жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү аркылуу ачылып жаткан келечектер тууралуу бүгүн Астанада өткөн China Conference: Central Asia 2026 диалог аянтчасында серепчилер талкуулашты.  Конференция Кытайдан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана АСЕАНдан мамлекеттик органдардын, каржылык уюмдардын жана ири бизнестин өкүлдөрүн чогултту. Инвестициялар, пайдалуу кендерди казып алуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана аймактык компаниялардын эл аралык рыноктарга чыгышы негизги көңүл борборунда болду. Мисалы, КЭРдин аймактын беш мамлекети менен товар жүгүртүүсү буга чейин 100 миллиард доллардан ашкан, жана бул чек эмес. Ошондуктан, Гонконгдун жана материктик Кытайдын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Казакстанды Борбор Азия рыноктарына чыгуу жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн маанилүү өнөктөш катары карашат. Конференциянын катышуучуларынын айтымында, каржы тармагында өзгөчө келечектер ачылат, мында тараптар тажрыйба алмашып, биргелешип инвестицияларды тартып, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзө алышат.

Саймон Чан, Гонгконгонун соода жана экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башкы мүдүрү:

– Бизде керектүү мүмкүнчүлүктөр, адистер жана билимдер бар, биз Казакстан менен бөлүшүүгө даярбыз. Каржы секторун өнүктүрүүдө сиздердин өлкөдө чоң дарамет бар экенин көрүп жатабыз. Биз Астана эл аралык каржы борбору өсүп-өнүгүүнү улантып жатканын, анын Гонконг менен каржылык жөнгө салуу, каржылоо механизмдери жаатында кызматташуусу кеңейип жатканын көрүп турабыз. Бул эки каржы борборлорунда катталган компаниялар жана каржы институттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат.

Кызматташтыктын практикалык натыйжаларынын бири ири тоо-кен компаниясынын Астана жана Гонконг биржаларына чыгышы болду. АЭКБнын башкаруучусу Ренат Бектуровдун айтымында, бул келишим Казакстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү үчүн эл аралык капиталды тартуунун жаңы каналын ачты.

Ренат Бектуров, АЭКБ башкаруучусу:

– Jiaxin International Resources компаниясы Астана эл аралык биржасында жана Гонконг фондулук биржасында бир учурда IPO өткөрдү. Бул казакстандык капитал рыногунун тарыхында компаниянын биринчи кош листинги, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында AIXте биринчи IPO жана Борбордук Азияда кытай юаны менен биринчи IPO болуп саналат. Суроо-талап сунуштан 200 эседен ашык ашып кетти, ал эми арыздардын көлөмү 34 миллиард АКШ долларынан ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков