Курултай өлкө Президентинин Жолдоосун ишке ашыруудагы артыкчылыктуу багыттарды белгиледи

Курултай өлкө Президентинин Жолдоосун ишке ашыруудагы артыкчылыктуу багыттарды белгиледи

Курултайдын депутаттары Президенттин кайрылуусунан кийинки кезектеги жыйында мындан аркы мыйзам чыгаруу иштеринин негизги багыттарын белгилешти. Алардын катарында экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, энергетиканы жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоо бар. Эми парламент депутаттары мамлекет башчысынын демилгелерин сапаттуу мыйзамдык коштоо менен камсыз кылып, кайрылуунун негизги жоболорун калкка түшүндүрүп бериши керек.

Айбек Дадебай, Казакстан Республикасынын Курултайынын төрагасы:

– Бул жаңы Конституция кабыл алынып, бүт саясий система жаңылангандан кийинки биринчи кайрылуу. Азыркы учурда мамлекет башчысы жаңы саясий институттарга реформаларды практикада ишке ашырууну, аларды конкреттүү мазмун менен толтурууну тапшырды. Президенттин көңүл борборунда ар дайым адам, анын бакубаттуулугу жана аймактарды өнүктүрүү турат. Депутаттар корпусу мамлекет башчысынын бардык тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн бардык аракеттерди жумшайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков