Жасалма интеллект Казакстандын жогорку билим берүү тутумунун бир бөлүгүнө айланууда

Жасалма интеллект Казакстандын жогорку билим берүү тутумунун бир бөлүгүнө айланууда

Жасалма интеллект жогорку билим берүү системасын өзгөртүүдө. Maqsut Narikbayev университетинде 70ке жакын окутуучу үчүн эки күндүк тренинг башталды. Негизги максат – окуу процессине жасалма интеллект технологияларын киргизүү гана эмес, окутуунун өзүнүн моделин өзгөртүү. Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө студенттерде сынчыл ой жүгүртүүнү, маалыматты талдоо жөндөмүн, позициясын далилдөө жана кесибин терең түшүнүү жөндөмүн өнүктүрүү маанилүү. Мындай мамиле бүтүрүүчүлөргө эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө тезирээк ыңгайлашууга жардам берет. Иш-чаранын катышуучулары жогорку окуу жайындагы предметтердин мазмунун кайра карап чыгышып, тематикалык пландарды, окутуу методдорун жана билимди баалоо системасын өркүндөтүшүүдө. Бул иштин натыйжасында университеттин билим берүү программаларынын негизин түзгөн методикалык сунуштамалар жаралат.


Сергей Пен, MNUнун илим, инновация жана ЖИ башкармалыгынын төрагасынын орун басары:


- Жасалма интеллект дээрлик бир нече ай сайын бир катар көндүмдөрдү талап кылбай калат. Бул окуу предметинин мазмунун окутууда, студентке тармактын терең түшүнүгүн өрчүтүү үчүн, ошол тармактын өзөгүнө, негизги түшүнүктөрүнө басым жасоо керектигин билдирет. Биздин жумушчу тобубуз көп айлар бою иштеди. Учурда атайын методика боюнча, тигил же бул тармак үчүн системаны түзгөн бир катар дисциплиналарды тандап алдык. Бул журналистика, укук, экономика же лингвистика.


Анар Ибраева, Maqsut Narikbayev Universityнин провосту:


- Технология дүйнөсүндө азыр болуп жаткан нерсе, башкача айтканда, жасалма интеллекттин жетишкендиктери бардык тармактарга таасирин тийгизүүдө. Биздин милдетибиз – эртең эмгек рыногуна чыкчу бүтүрүүчүбүз иштеген тармагындагы өзгөрүүлөрдү жана иш чөйрөсүн так аныктап, талдап, эксперттик баа бере алгыдай кылып даярдоо. Ал эми аяк оона айынан баштап биздин окутуучулар, белгилүү бир деңгээлде жаңыланып, андан соң аудиторияларга, класстарга кирип, биздин балдарда калыптандырган фундаменталдык ой жүгүртүүсүн эске алуу менен сабак өтө башташат.

Которгон: Назира Бегалиева