Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү үстүбүздөгү жылдын 8 айында 1 миллиард 750 миллион долларга жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20%га көп. Мамлекеттер өнөр жай кооперациясын бекемдөөгө жана экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө басым жасашууда. Өлкөнүн Соода министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Казакстандын экспортунун кошумча дарамети 330 миллион доллардан ашык бааланууда. Өлкөлөрдүн кызматташуу келечеги Бишкекте өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жана Казакстан менен Кыргызстандын премьер-министрлеринин катышуусундагы экинчи Региондор аралык кызматташтык форумунда талкууланды.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
Биздин жалпы милдетибиз – 2030-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард АКШ долларына жеткирүү. Бул максатта тиешелүү жол картасы даярдалды. Анда сооданы кеңейтүү менен катар, биринчи кезекте өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү каралган. Биргелешкен аракеттер Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оң динамикасын сактоого жана кеңейтүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнүн экономикалык өнөктөштүгүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.
Эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири - чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү. Жамбыл облусунда Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы сегиз өткөрүү пунктунун жетөө жайгашкан. Бул жерде Кыргызстандын катышуусу менен миңден ашуун ишкана иштейт. Транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Эң маанилүү долбоорлордун бири Кордай районунда, Кыргызстан менен чектеш аймакта ишке ашырылууда.
Ербол Карашукеев, Жамбыл облусунун акими:
– Биз Кордай районунда өнөр жай-логистикалык комплекс куруу үчүн 165 гектар жер участогун бөлүп бердик. Объектини электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн көмөкчордондун курулушу башталды. Бул иштерге 4,2 миллиард теңге бөлүндү. Курулуш иштери тездик менен жүрүп жатат. Экинчи багыт - эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыгы. Үчүнчү багыттын олуттуу дарамети бар: үзгүлтүксүз соодадан өнөр жайлык кооперацияга өтүү. Ошондуктан, кыргызстандык өнөктөштөрүбүздү бул кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

