Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоого даярдык жигердүү жүрүүдө

Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоого даярдык жигердүү жүрүүдө

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайдын депутаттарын шайлоого дагы 10 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан келген өкүлдөрдүн жалпы саны 96га жетти. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө добуш берүү үчүн 65 мамлекетте 82 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлдү. Алар Казакстандын элчиликтеринде жана консулдуктарында иш алып барышат. БШК добуш берүү эрежелерин да эске салды. Бюллетенди толтургандан кийин аны сүрөткө тартууга, видеого жаздырууга же анын сүрөтүн жарыялоого болбойт. Бул шайлоонун купуялуулугун сактоо жана эркин добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн онлайн-семинар өткөрдү. Журналисттерге шайлоо өнөктүгүнүн этаптары, шайлоону чагылдыруу жана үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери тууралуу маалымат берилди. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай иш-чаралар шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга жана жарандарга объективдүү маалымат берүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Которгон: Назира Бегалиева