Казакстандын демилгеси менен БУУнун Башкы
Ассамблеясы чын куран айынын 22син Эл аралык планетаны жашылдандыруу күнү деп
жарыялаган. Президент Касым-Жомарт Токаев бул идеяны өткөн жылдын аяк оона айында
Башкы Ассамблеянын 80-сессиясында сунуштаган. Өлкөнүн Тышкы иштер
министрлигинин маалыматы боюнча, резолюцияны дүйнөнүн 32 өлкөсү биргелешип
колдогон. Жаңы эл аралык күн өлкөлөрдү жашылдандырууга, табигый экосистемаларды
калыбына келтирүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого бириктирүүнү максат кылат. Казакстан
үчүн бул демилге өлкөнүн экологиялык саясатынын уландысы болуп саналат. Акыркы
беш жылда Казакстандын мамлекеттик токой фондуна 1,5 миллиарддан ашык көчөт отургузулган.
Арал деңизинин кургап калган түбүндө да кеңири иштер жүрүп жатат. Бул эл аралык
демилге ошондой эле өлкөдө айлана-чөйрөнү жакшыртууга жана экологиялык
маданиятты калыптандырууга багытталган жалпы улуттук «Таза Казакстан»
өнөктүгүнүн максаттарына дал келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

