Казакстан
менен Азербайжандын кызматташтыгы Каспий аймагын өнүктүрүүнүн негизги
факторлорунун бири бойдон калууда. Бул тууралуу IV Шуша глобалдык медиа форумунда Азербайжандын президенти Ильхам
Алиев баса белгиледи. Анын айтымында, эки тараптуу мамилелер эң жогорку
деңгээлде, ал эми Касым-Жомарт Токаев менен тыгыз кызматташтык биргелешкен
долбоорлорду ийгиликтүү илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө Астана менен
Баку Ортоңку коридорду өнүктүрүп, деңиз портторунун кубаттуулугун арттырып,
Грузия жана Түркия менен ишти координациялап жатышат. Каспий аркылуу
энергетикалык куурду
жана оптикалык-була байланыш желесин
өткөрүү
боюнча долбоорлорду ишке ашыруу да уланууда. Мындан тышкары, Азербайжандын
аймагы аркылуу казак мунайын ташуу ишке ашырылууда. Ильхам Алиев Касым-Жомарт
Токаевдин жетекчилиги астында өлкөнүн
жетишкендиктерин да белгилеп, Казакстанга мындан ары өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүнү
каалады.
Ильхам
Алиев, Азербайжан
Президенти:
– Албетте, биздин президент Токаев менен болгон жеке мамилелерибиз эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү фактор болуп саналат. Биздин күн тартибибиз абдан кенен. Каспий деңизинин карама-каршы жээгинде жайгашкан эки өлкө катары биз абдан тыгыз кызматташып жатабыз. Чынында, Казакстан менен Азербайжандын активдүү кызматташтыгысыз биздин аймакта, Каспий аймагында транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

