Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Курултайдын депутаттарына жана Өкмөткө Жарандык кодекстин жаңы долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ал документти кийинки жылдын аягына чейин бүтүрүү керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы учурдагы кодекс эскирген, ал 30 жыл мурда кабыл алынып, ошол кезде рынок экономикасынын негиздерин түптөп, менчикти коргоону бекемдеп, жарандык мамилелердин эрежелерин белгилегендигин билдирди. Бирок, эгемендүүлүк жылдарында өлкөнүн экономикасы олуттуу өзгөрдү. Санариптик кызматтар, жаңы технологиялар жана заманбап бизнес жүргүзүү формалары пайда болду. Мунун баары актуалдуу укуктук ченемдерди талап кылат.
Сандугаш Дарханова, Казак улуттук университетинин юридикалык факультетинин улук окутуучусу:
– Бул билдирүү баарыбыз үчүн абдан маанилүү болду деп ойлойм. Ал көтөргөн маанилүү аспектилер, албетте, жаңылыктар жана жаңы Жарандык кодекс. Ал эми өнүгүп жаткан, өзүнө чоң максаттарды койгон өлкө катары биз, албетте, корпоративдик коомду өнүктүрүшүбүз керек, азыр санариптик келишимдерди, санариптик бүтүмдөрдү караштыруу абдан маанилүү. Бул биздин ички жана тышкы экономикалык абалыбызды бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

