Өкмөттүк комиссия Актаудагы кырсыкты иликтөөнү улантууда

Өкмөттүк комиссия Актаудагы кырсыкты иликтөөнү улантууда

Актаудагы трагедия боюнча алгачкы тергөө жыйынтыктары өкмөттүк комиссиянын жыйынында талкууланды. Күнөөлүү деп табылган адамдар мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу вице-премьер Канат Бозумбаев билдирди. Ал ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бардык зарыл жардам көрсөтүлөрүн айтты. Эске салсак, кылмыш иштери эки берене боюнча козголгон - оор кесепеттерге алып келген кызматтык шалаакылык жана кеме жүрүү эрежелерин бузуу. Комиссия ишин улантууда жана тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөп жатат. Анын милдети - трагедиянын бардык жагдайларын аныктоо.


Ербол Избергенов, өкмөттүк комиссиянын өкүлү, Маңгыстау облусунун акиминин орун басары:


–  Атайын топ окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктап жатат. Тергөө болгон окуяга байланыштуу бардык суроолорго толук жооп берет. Ар бир факты кылдаттык менен текшерилип, бардык тиешеси бар адамдардын аракеттерине принциптүү укуктук баа берилет. Тергөө жана сот тарабынан жоопкерчилиги аныкталган күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазаланат. Өкмөттүк комиссия ишин улантууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков