«Келечек оюндары – 2026» өз маарасына жетти. Фиджитал-спорт
турнирин өткөргөн дүйнөдөгү үчүнчү шаар болуп калды. Иш-чара бардык
континенттерден 800дөн ашык катышуучуну жана миңдеген күйөрмандарды чогултту.
12 күндүн ичинде сегиз дисциплина боюнча спорт менен заманбап технологиялар
айкалышып, жалпы байге фонду 4млн 650 миң долларды түздү.
Фиджитал-футболдо Уругвайдын командасы жеңишке жетсе, Фиджитал-таймашта
орусиялык спортчулар 100 миң долларлык байгени жеңип алышты. Бий турниринде
аргентиналык катышуучу чемпион аталды. Казакстандын командасы дагы атаандаштык
курч болгон бул иш-чарада ийгиликке жетип, CS2 менен лазер-тагды айкалыштырган
фиджитал-шутер дисциплинасында чемпион болду.
Жасулан
Асембек, «Келечек
оюндары 2026»
турниринин жеңүүчүсү / Team KZ командасынын оюнчусу:
- Мен аларга: «Өзүбүздү колго алышыбыз керек. Оюндун бүтүшүнө он мүнөт калды. Жеңишке жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз зарыл.» Азыр же эч качан. «Келечек оюндарына» катышууга мындан кийин мүмкүнчүлүк албай калышыбыз мүмкүн. Балким, лазер-тагды да эч качан ойнобой калаарбыз. Ошондуктан, бардык күчүбүздү топтоп, жеңишти камсыздашыбыз керек, -дедим.
Которгон: Назира
Бегалиева

