Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү башталды

Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү башталды

Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү башталды. Алматы, Батыш Казакстан, Жамбыл, Костанай, Кызылорда, Түндүк Казакстан жана Түркестан облустарынын, ошондой эле Жетису облусунун жана Шымкент шаарынын дыйкандары түшүм жыйноого киришкен. Алгачкы жыйынтыктар оң динамиканы көрсөтүүдө. Түшүм жыйноонун темпи өткөн жылдагыдан ашып түштү, ал эми негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү байкаларлык өстү. Ушул күнгө чейин 634 миң тонна дан жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 20,6 центнерди түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге жогору. Буудай жана арпа боюнча олуттуу өсүш белгиленет. Дыйкандар түшүм жыйноо өнөктүгүнө толук даярдык менен келишти. Алар керектүү айыл чарба техникалары менен камсыздалган, ал эми мамлекет 400 миң тоннадан ашык жеңилдетилген дизель майын бөлүп берген. Бул талаа иштерин оптималдуу мөөнөттө жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков