Жасалма интеллект дүйнөлүк медиаиндустрияны трансформациялоонун негизги факторлорунун бирине айланууда. Нейрондук тармактар күнүмдүк процесстерди автоматташтыруу үчүн колдонулуп жатат – интервьюларды транскрипциялоо, материалдарды ар кандай тилдерге которуу жана аудиториянын кызыкчылыктарын талдоо. Жаңы технологиялар мультимедиалык контентти түзүүгө жана санариптик платформаларда ЖМКнын катышуусун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. AI-технологиялардын журналистиканын келечегине тийгизген таасири темасы Astana Media Week эл аралык форумунун негизги темаларынын бири болду. Форумдун серепчилери жана коноктору глобалдык санариптик трансформация шартында маалыматты өндүрүү жана жайылтуу ыкмаларынын өзгөрүшүн талкуулашты.
Нежат Унсал, Smart Advanced Technologies and Innovations компаниясынын башкы мүдүрү:
– Жасалма интеллект жана заманбап
технологиялар журналистикага чоң таасирин тийгизип жатат. Бирок, мен айткандай,
журналисттер технологиялар менен жасалма интеллектке чындыкты өзгөртүүгө,
жаңылыктарды бурмалоого же чындыкты алмаштырууга жол бербеши керек. Анткени бул
жерде эң башкысы – ишеним. Адамдар жаңылыктарга жана массалык маалымат каражаттарына
ишенгенде, алар бул маалыматты кабыл алышат, ага акча төлөөгө жана аны
колдонууга даяр болушат.
Надира Тюдор, Бакудагы Euronews бюросунун жетекчиси:
– Негизинен, журналисттер жана программа түзүүчүлөр аудиториянын ишенимин сактап калуу үчүн өз ишине болгон мамилесин кайра карап чыгышы керек. Бул куралды биз, адамдар, аткарышы керек болгон ишке жол бербестен кантип натыйжалуу колдоно алабыз? Чындыгында, медиа индустриясындагы жасалма интеллект адамдарсыз эч нерсеге арзыбайт. Аны башкаруу, аны кантип колдонууну түшүнүү жана андан пайда алуу биздин колубузда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

