Казакстан медициналык жасалма интеллект чечимдерин экспорттоону өнүктүрүүдө

Казакстан медициналык жасалма интеллект чечимдерин экспорттоону өнүктүрүүдө

Казакстандын AI-чечимдери медицинада иштеп чыгуудан практикалык колдонууга жана кеңейүүгө өтүп жатат. Астанада өткөн атайын тегерек үстөлдө серепчилер жана тармактын өкүлдөрү ата мекендик MedTechтин өнүгүшү жана мындай стартаптардын чет элдик рынокко чыгуу келечегин талкуулашты. Көңүл чордонунда – AI системаларын киргизүү жана сыноо, медициналык маалыматтарга жетүү, алардын рынокко чыгуу шарттары болду. Ийгиликтүү долбоорлордун бири – бул инсультту эрте аныктоого  арналган ата мекендик Cerebra AI системасы. Бүгүнкү күндө ал айрым ата мекендик медициналык борборлордо колдонулуп жатат. Иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча, технологиянын жардамы менен бейтап келгенден дарылоо башталганга чейинки убакыт үч эсеге кыскарган. Компания өзүнүн технологияларын өлкө ичинде да, сыртында да колдонуп кеңейтүүнү көздөп жатат. Ал буга чейин АКШнын ири медициналык тобу менен беш жылдык стратегиялык өнөктөштүк түзгөн. Кызматташтык платформаны өнүктүрүүнү жана анын мүмкүнчүлүктөрүн инсультту диагностикалоодон тышкары кеңейтүүнү камтыйт. Чет элдик рынокторго толук кандуу чыгуу үчүн казакстандык иштеп чыгуу зарыл болгон регулятордук процедуралардан өтүүдө.

Досжан Жусупов, Cerebra Ai компаниясынын мүдүрү, негиздөөчүсү:

–  Биз Америка Кошмо Штаттарына, Өзбекстанга чыктык, ал жакта сертификациядан өтүп жатабыз, азырынча сатпайбыз, далилдерди чогултуп жатабыз. Сертификациядан өткөндөн кийин, Штаттарда акырындык менен сатууну баштайбыз. 2026-жылга чейин биз мээге жана инсультту гана карап келгенбиз. 2026-жылдын башында мээнин рагына, анын ичиндеги илдеттерге чейин кеңейе баштадык, ошондой эле жүрөккө, эхокардиограмма боюнча кеңейе баштадык. Башкача айтканда, биз тар жасалма интеллекттен мультимодалдык чечимге айланып жатабыз.


Айдар Касенов, саламаттыкты сактоо министрлигинин электрондук саламаттыкты сактоо департаментинин мүдүрүнүн орун басары:

–  Биздин жасалма интеллект компаниялары казакстандыктардын анонимдештирилген маалыматтарын колдонууга аракет кылышат, аларды моделдерди окутуу үчүн, алар жогорку тактыкка ээ болуп, дарыгерлерге илдеттерди изилдөөгө жардам берет. Жаңылбасам, кээ бир медициналык жасалма интеллект системалары Араб Эмираттарына, Сауд Арабиясына экспорттолот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков