Киберкоопсуздук жөн гана маалыматтарды коргоо эмес, бул өкмөттөрдүн жана ишканалардын санариптик коркунучтарга туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат. Бул тема Астанада биринчи жолу өтүп жаткан KazHackStan 2026 эл аралык конференциясында негизги тема болду. Эки күндүн ичинде платформа жети өлкөдөн 10 миңге жакын катышуучуларды, 100дөн ашуун казак жана эл аралык спикерлерди бириктирди. Күн тартибинде - критикалык инфраструктураны жана жеке маалыматтарды коргоо, дипфейктер, социалдык инженерия жана жасалма интеллекттин өнүгүшү менен байланышкан тобокелчиликтер. Уюштуруучулардын бири Казакстандын TSARKA компаниясы болду.
Алексей Калинников, Tsarka өкүлү:
– KazHackStan конференциясынын уюштуруучулары катары биз Казакстанда гана эмес, жалпы Борбордук Азияда Кибер коопсуздук коомчулугунун өсүшүнө түрткү беребиз. Биздин милдетибиз - жарандарды окутуу, кибергигиенанын деңгээлин жогорулатуу жана кардарларыбыз менен натыйжалуу иштешип, алардын бизнесине топтолуусуна шарт түзүү жана киберкоопсуздукка байланыштуу милдеттердин топтомун аткаруу.
KazHackStanдын өзүнчө бөлүмү практикалык киберкоопсуздукка арналган. Адистер чабуулдарга каршы жаңы ыкмаларды талкуулашат. Эки күндүк иш-чаранын программасында CyberKumbezдин финалы - хакердик командалардын мелдеши, ал эми мектеп окуучулары арасында келерки жылы Италияда өтө турган Киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадага улуттук курама командага тандоо уюштурулган. Ошондой эле бул жерде маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ата мекендик иштеп чыгуулар көрсөтүлөт.
Батыржан Шакманов, Cyberx компаниясынын башкы мүдүрү:
– Биздин иштеп чыгуубуз мамлекеттик органдарга жана компанияларга маалыматтын агып кетишинен алдын алууга жардам берет. Казакстанда киберкоопсуздук тармагы абдан тез өнүгүп жатат, айрыкча акыркы эки-үч жылда. Буга көптөгөн чабуулдардын болуп жатканы себеп. Мындай конференциялар киберкоопсуздуктун тенденцияларын, кандай чабуулдар бар экенин, алардан кантип коргонууну түшүнүүгө жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

