Астанада жасалма интеллект доорунда эмгек укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Астанада жасалма интеллект доорунда эмгек укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Санариптик каражаттар Казакстанда жумушчулардын укуктарын коргоого жардам берет. Мисалы, эмгек тобокелдигинин картасы ишканаларды 23 көрсөткүч боюнча талдап, тобокелдиктерди алдын ала аныктайт. Мындан тышкары, кесиптик тобокелдиктерди баалоо системасы киргизилет. Бул куралдар Астанада өткөн «Санариптик эмгек жана жасалма интеллект» эл аралык форумунда талкууланды. Бүгүнкү күндө Казакстандын эмгек келишимдеринин бирдиктүү системасында 7 миллионго жакын келишим катталган. 2029-жылга чейин Казакстанда толугу менен коопсуз жумуш орундарынын санын 4 миллионго жеткирүү пландалууда. Ошондой эле санариптик система менен башкарылат. Жыйындын катышуучулары эмгекти коргоо тармагындагы Казакстандын инновацияларын эл аралык практикада колдонуу жана интеллектуалдык эмгек жаатында трансчек аралык укуктук механизмдерди калыптандыруу маселелерин талкуулашты. Санариптик эмгек рыногун коргоонун жалпы эрежелери Астананын үч тараптуу декларациясында бекитилет. Анда мамлекеттин, иш берүүчүлөрдүн жана профсоюздардын милдеттери аныкталган.

Саранго Раднарагча, Бириккен Улуттар Уюмунун Казакстандагы туруктуу координатору:

– Бул форумда санариптик трансформация шартында жумушчулардын укуктарын кантип коргоо, ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу талкууланат. Ар кайсы өлкөлөрдөн көптөгөн мисалдар бар, бирок мен ойлойм, Казакстан да электрондук мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү жана санариптик технологияларды колдонуу жагынан абдан жогору позицияга ээ. Социалдык диалогдун жана эл аралык форумдардын мындай форматы чындап эле жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча оптималдуу чечимдерди табууга жардам берет деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков