Европа биримдиги Казакстандын аймактарын өнүктүрүүгө 5 миллион доллар бөлдү

Европа биримдиги Казакстандын аймактарын өнүктүрүүгө 5 миллион доллар бөлдү

Казакстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасын колдоого багытталган жаңы үч жылдык долбоор ишке кирди. Бул өлкөнүн Өкмөтү, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Европа биримдигинин биргелешкен демилгеси. Долбоорду ишке ашырууга Европа биримдиги 5 миллион долларга жакын каражат бөлдү. Астанада долбоордун башкаруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү. Катышуучулардын айтымында, программа акиматтар менен маслихаттардын ишинин натыйжалуулугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган. Бул үчүн ачык-айкындуулукту күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Долбоор жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине тургундардын катышуусун кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Санариптик инструменттерди киргизүүгө, Европа өлкөлөрү менен тажрыйба алмашууга жана алдыңкы эл аралык практикаларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын Казакстандагы Туруктуу өкүлү Катаржина Вавьернианын айтымында, демилге жаңы ыкмаларды сыноого мүмкүнчүлүк берет. Кийинчерээк аларды өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууга болот.

Катаржина Вавьерниа, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Казакстандагы Туруктуу өкүлү:

– БУУнун Өнүктүрүү программасы көптөгөн өлкөлөрдө жергиликтүү өнүгүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, анын ичинде өнүгүү деңгээли эң төмөн мамлекеттерге да колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Казакстан кирешеси орточодон жогору болгон жана өнүгүү деңгээли боюнча көптөгөн өлкөлөрдөн кыйла алдыда турган мамлекет. Жергиликтүү өнүгүү — негизги факторлордун бири. Бул чындап эле маанилүү. Көптөгөн өлкөлөр күчтүү жергиликтүү институттардын аркасында ийгиликке жетишкен. Ошондуктан бул өнөктөштүк абдан маанилүү салым кошот деп эсептейм.

Которгон: Назира Бегалиева