Казакстан менен Германия биргелешкен билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү жана технологияларды ишке киргизүү борборлорун өнүктүрүүнү көздөйт. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Германиянын ЖОЖ ректорлору жана илим институттарынын жетекчилери менен жолугушуусунда айтылды. Тактап айтканда, билим алмашуу программасын ишке киргизүү жана университеттерди өнөр жайга тыгыз байланыштыруу менен изилдөөлөрдү кеңейтүү сунушталууда. Мындай мамиленин бир мисалы - TiBeRIUM долбоору. Ага Чыгыш Казакстан техникалык университети, Ульбинск металлургиялык заводу жана Фрайберг тоо-кен академиясы катышууда. Изилдөөлөр титан жана бериллий үчүн аз көмүртектүү өндүрүш чынжырларын түзүүгө багытталган. Дагы бир келечектүү багыт - жасалма интеллект. Казакстан немис ЖОЖдоруна жана компанияларына биргелешип инженердик лабораторияларды түзүүнү жана колдонулуучу санариптик чечимдерди иштеп чыгууну сунуштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

