Казакстандын Президенти жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадага старт берди

Казакстандын Президенти жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадага старт берди

Астанада Жасалма интеллект боюнча III эл аралык олимпиада расмий ачылды. Абройлуу мелдешке дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген 500дөн ашык мектеп окуучусу катышууда. Президент Касым-Жомарт Токаев олимпиаданын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Казакстан санариптик өнүгүүнү стратегиялык багыт катары тандаганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде Казакстан 193 мамлекеттин ичинен 24-орунда турат. Жаңы технологияларды киргизүүгө даярдык деңгээли боюнча өлкөбүз Борбор Азияда алдыңкы орунда. Биз жасалма интеллект мамлекеттик башкарууда, экономикада жана бизнесте кеңири колдонулган бирдиктүү инновациялык экосистеманы түзүп жатабыз. Мындан тышкары, инновацияларга негизделген өлкөнүн өнүгүү багыты теке айынын биринен тартып күчүнө кирген Казакстандын жаңы Конституциясында да так белгиленген. Бирок бул башталышы гана.

Өткөн жылы Бээжинде өткөн Жасалма интеллект боюнча олимпиадада казакстандык окуучулар үч алтын, бир күмүш жана үч коло медаль жеңип алышкан. Бул ийгилик өлкө жаштарынын интеллектуалдык жана чыгармачылык мүмкүнчүлүгү жогору экенин дагы бир жолу далилдеди. Ошондой эле бул мугалимдер менен окуучулардын биргелешкен эмгегинин, мамлекет тарабынан билим берүү тармагына көрсөтүлүп жаткан көңүл буруунун жана билим сапатын туруктуу жогорулатуунун жыйынтыгы болуп саналат. Президент олимпиада жасалма интеллект тармагындагы эл аралык изилдөөчүлөр коомчулугунун өнүгүшүнө күчтүү дем берерине ишеним билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Билим ар дайым адамдарды бириктирип, адамзатты прогресстин жаңы бийиктиктерине жетелеп келген. Сиздердин билимиңиздер медицинада, билим берүүдө, экологияда жана башка маанилүү тармактарда жаңы чечимдердин негизин түзүшү мүмкүн. Балким, дал ушул олимпиадада дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө турган жаңы идеялар жана долбоорлор жаралат.

Иш-чаранын алкагында Касым-Жомарт Токаевге эл аралык олимпиаданын түзүмү, сынактык тапшырмалар жана автономдуу роботтун иштөө мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Которгон: Назира Бегалиева