К.Токаев ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери менен жолугушту

К.Токаев ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери менен жолугушту

Казакстандын Президенти Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ТМУнун башкы катчысы жана Казакстандын, Азербайжандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Касым-Жомарт Токаев Казакстан бул абройлуу уюм менен кызматташууну тереңдетүүгө артыкчылык берерин баса белгиледи. Тараптар ошондой эле коопсуздукту чыңдоону талкуулашты. Президент учурдагы коркунучтарга жана кыйынчылыктарга токтолду. Бирок, ал туруксуз дүйнөлүк кырдаалга карабастан, өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи. Өнүгүүгө туруштук берүү үчүн Казакстан фундаменталдык реформаларды ишке ашырды: жаңы Конституция кабыл алынды, саясий кызмат - вице-президент - түзүлдү жана жаңы өкмөт дайындалды. Президент ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук түзүмүндө киргизилген өзгөрүүлөргө токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Жаңы мамлекеттик орган - Коопсуздук Кеңешинин Аппараты түзүлдү. Анын функцияларына глобалдык жана улуттук көйгөйлөрдү комплекстүү талдоо, улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттерди координациялоо кирет. Андан тышкары, жакында жогорку кеңеш берүүчү орган - Элдик Кеңеш түзүлөт. Ошентип, мамлекеттик башкаруу системасын терең кайра түзүү жүрүп жатат. Бул кеңири масштабдуу реформалар укук коргоо органдарын кошо алганда, бардык тармактарга таасир этет.

Кубанычбек Өмүралиев, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы:

– Бүгүнкү күндө сиздин жетекчилигиңиз жана алысты көрө билген саясатыңыздын аркасында Казакстан Республикасынын бардык аймактарында кеңири жана маанилүү реформалар ишке ашырылууда, биз мунун күбөсү болуп жатабыз. Жакында эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун байкоочу миссиясы Казакстандагы жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду жана Курултай шайлоосуна байкоо салды. Жыйынтыктар боордош Казакстан элинин өлкөдө ырааттуу түрдө ишке ашырылып жаткан демократиялык реформаларды колдой тургандыгын көрсөттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков