Аяк оона айынын 25де Казакстандын мамлекет башчысынын буйругу менен Маңгыстау облусунда аскер кызматкерлеринин курман болгондугуна байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү жарыяланды. Казакстандын Президенти машыгуу учурунда каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруусун билдирди. Касым-Жомарт Токаев өкмөттүк комиссияга окуянын чоо-жайын аныктоо жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Маңгыстау облусундагы кырсык болгон жерде вице-премьер Канат Бозумбаев баштаган өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Премьер-министр Олжас Бектенов комиссиянын төрагасына толук кандуу иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин начарлашынан жана шамалдын күчөшүнөн улам Каспий деңизине 19 аскер кызматкери агып кеткен. Үчөө куткарылып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Учурда 9 адамдын каза болгондугу катталды. Калгандарын издөө иштери уланууда. Аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Маркумдардын үй-бүлөлөрүнө вице-президент Ерлан Карин, курултайдын төрагасы Айбек Дадебай жана шаардын акимиаты көңүл айтышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

