Казакстанда 78,6 млрд доллардык жаңы инвестициялык цикл башталат

Казакстанда 78,6 млрд доллардык жаңы инвестициялык цикл башталат

Казакстанда жаңы инвестициялык цикл түзүлүүдө. Учурда жалпы баасы 78,6 миллиард долларды түзгөн 215 долбоор иштеп жатат. Жыл башынан бери болжол менен 4,4 триллион теңгеге 25 инвестициялык келишим түзүлгөн. Өлкөнүн Өкмөтүнүн басма сөз кызматы белгилегендей, долбоорлор экономиканын негизги тармактарын – энергетика, металлургия, фармацевтика, агроөнөр жай комплекси, инфраструктура жана саламаттыкты сактоону камтыйт. Негизги басымдардын бири өлкө ичинде жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө жана жогорку кошумча наркы бар өнүмдөрдү чыгарууга багытталган. Мисалы, 173 миллиард теңге 4 фармацевтикалык долбоорго багытталат, алар 356 түрдүү дары-дармектерди чыгарууга мүмкүндүк берет. Агроөнөр жай комплексинде инвесторлор буудайды, жүгөрүнү жана дан өсүмдүктөрүн терең иштетүүнү өнүктүрүүнү көздөшүүдө. Дагы бир чоң багыт – санариптик инфраструктура. Мисалы, Экибастузда булуттук кызматтар, эсептөөлөр жана жасалма интеллект үчүн «Маалымат борборлор өрөөнүн» түзүү пландалууда. Долбоордун баасы болжол менен 30 миллиард долларды түзөт. Жалпысынан өлкөдө инвестициялык активдүүлүк өсүүдө – 2019-2025-жылдары негизги капиталга салынган инвестициялар дээрлик эки эсеге көбөйүп, 23,5 триллион теңгеге жетти. Ал эми кайра иштетүү өнөр жайында үч эсеге көбөйүп, 3 триллион теңгени түздү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков