Этностор аралык ынтымактын казакстандык модели ЕККУнун конференциясынын өзөгүнө айланды. Варшавадагы жыйында тең укуктарды камсыз кылуу жана жарандарды басмырлоодон коргоо максатын көздөгөн Казакстан боюнча бирдиктүү мыйзам долбоору тааныштырылды. Мыйзам долбоору Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу астында даярдалган. Конференцияда ата мекендик серепчилер документтин адам укуктарын коргоо механизмдерин иштеп чыгуудагы мааниси тууралуу айтып беришти. Учурда Казакстанда 130дан ашык улуттун өкүлдөрү бир түндүктүн астында ынтымакта жашап жатышат. Өлкөдө ондогон түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган 3000ден ашык диний бирикмелер иштейт. Этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак – өлкөдөгү туруктуулуктун жана тынчтыктын кепилдиги. Конституция расасына, улутуна, тилине жана динине карап басмырлоого түздөн-түз тыюу салат.
Муслим Хасенов, Maqsut Narikbayev University жеке укук департаментинин профессору:
– Мыйзам долбоорунда түз жана кыйыр түрдө басмырлоонун бардык түрлөрүнө тыюу салган укуктук түшүнүктөр камтылган. Ал институционалдык механизмдерди, жооптуу мамлекеттик органдарды, бул функциялардын аткарылышын күн сайын көзөмөлдөй турган уюмдарды, башкача айтканда, конкреттүү кепилдиктерди белгилейт.
Кристоф Камп, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары:
– Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайына катышууга Казакстандан чакыруу алуу мен үчүн чоң сыймык болду. Казакстан диний лидерлерди жана диний жамааттарды бириктирүүдө абдан маанилүү ролду ойнойт. Бул өтө сезимтал маселе. Жолугушуулар жана талкуулар үчүн мындай аянтчаны камсыз кылуу менен Казакстан диний жамааттар менен алардын лидерлеринин диалогун өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

