Казакстан
менен Кытай жашыл технологиялар жана туруктуу өнүгүү жаатында кызматташтыкты
кеңейтүүнү көздөшүүдө. Акыркы жылдары ата мекендик бизнес башкарууга ESG
концепциясын жигердүү киргизүүдө. Учурда 100гө жакын казакстандык компания
каржылык эмес отчеттуулукту даярдап, анда ишканалардын экологияга тийгизген
таасирин, социалдык демилгелерин жана башкаруунун ачык-айкындуулугун талдап
келишет. Бул багыттагы «жашыл»
трансформацияда эл аралык кызматташтык өзгөчө ролду ойнойт. Ошентип, Кытай аз
көмүртектүү өнүгүү, жашыл каржылоо, санариптештирүү чөйрөсүндөгү технологиялар
жана топтолгон тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр. Бул маселелер Астанада өткөн эл
аралык семинарда талкууланып, анда Борбор Азиянын мыкты ESG тажрыйбаларынын жыйнагы алгачкы жолу
сунушталды. Уюштуруучулардын айтымында, ал бизнестин практикалык жетекчилиги
болуп, туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө
түзөт.
Юлия Якупбаева,
«Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын алдындагы Туруктуу өнүгүү жана ESG
боюнча кеңештин төрайымы:
–
Биз Ички күйүүчү кыймылдаткычтардын ордун электрдик кыймылдаткычтар басып
жатканын көрүп турабыз. Энергетикада жана бардык секторлордо өзгөрүүлөр жүрүүдө.
Албетте, Кытай жана ушул сыяктуу туруктуу өнүгүү жаатында алдыңкы катарда
турган башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү аркылуу биз жаңы технологияларды
өздөштүрө алабыз. Биз желим
изди жана суу изин азайтуу боюнча «Смарт пластик зон», «Смарт Вота Зон» долбоорлорун
ишке ашырып жатабыз жана компаниялар бул багыттагы тажрыйбаларын сунуштап
жатышат.
Чжан Цзяньюй, «Алкак
жана жол» эл аралык жашыл
өнүгү коалициясынын башкы катчылыгынын
орун басары жана өнүгүү бөлүмүнүн мүдүрү:
– Казакстан бүгүнкү күндө тез өнүгүп жаткан экономика.
Ошондуктан, мен Кытай ушул жерде чоң салым кошо алат деп ойлойм – бул мурда
топтолгон тажрыйбанын гана эмес, технологиялык жактан да, анткени Кытайда даяр
чечимдер бар. Бирок, андан да маанилүүсү, Кытай каржылык жактан салым кошо
алат, анткени өлкөдө дүйнөдөгү эң ири көмүртектүү рынок иштейт. Кытай каржылык
инструменттерди жана башка экономикалык механизмдерди колдонуу менен, аз
көмүртектүү өнүгүү жаатында Казакстан менен кызматташууга абдан кызыкдар.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

