Венгриянын делегациясы ишкер байланыштарды өнүктүрүү үчүн Шымкентке барды

Венгриянын делегациясы ишкер байланыштарды өнүктүрүү үчүн Шымкентке барды

Шымкент менен венгриялык Дебрецен шаарлары боордош шаар болууну көздөшүүдө. Жаңы макам соода-экономикалык, инвестициялык, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Өнөктөштүктүн келечеги жана муниципалдык байланыштарды өнүктүрүү Дебрецендин мэри Ласло Папп башында турган венгриялык делегациянын иш сапары учурунда талкууланды. Бизнес-форумда эки шаардын өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ишкерлер B2B жолугушууларды өткөрүп, туризм тармагын кошо алганда, жаңы ишкердик байланыштарды талкуулашты. Визиттин алкагында коноктор шаардагы Дендропаркка дарак отургузууга катышышты. Бул иш-чара достуктун жана тараптардын узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөө умтулуусунун символу болуп калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков