Астанада эксперттер IT-экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды талкуулады

Астанада эксперттер IT-экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды талкуулады

Казакстан 2030-жылга чейин IT-өнүмдөрдүн экспортун 5 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландап жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 миллиарддан ашты. Астанада мамлекеттик органдардын, тармактык адистердин жана серепчилердин өкүлдөрү санариптик экспортту өнүктүрүү стратегиясын талкуулашты. Көңүл борборунда - адистерди даярдоо, жасалма интеллектке негизделген өнүмдөрдү жайылтуу жана инвестициялар үчүн шарттарды түзүү, жаңы иштеп чыгуулар болду. Бул үчүн Өкмөткө сунуштар топтому даярдалды. Ал мамлекет менен бизнестин тыгыз өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, IT-секторду өнүктүрүүнү колдоого жана ата мекендик компаниялардын чет өлкөлүк рынокторго чыгышы үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Азиза Шужеева, Technowomen коммерциялык эмес уюмунун башкармалыгынын төрайымы:


– Рынок жана IT-кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту дээрлик 1,7 эсеге өстү. Жаңы технологиялар, жасалма интеллект азыр экономиканын бардык тармактарына кириши керек. Чындыгында, IT тармагы эбак эле өзүнчө сектор болуудан токтогон. Ал бүгүнкү күндө бардык багыттарга кирди. Ошондуктан бизде бардык шарттар бар, күчтүү командалар бар, компетенциялар бар, биз масштабдуу болушубуз керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков