Казакстанда өлкөнүн археологиялык эстеликтеринин бирдиктүү электрондук базасы түзүлдү. Лазердик сканерлөө, санариптик моделдөө жана реконструкциянын башка уникалдуу технологиялары окумуштууларга байыркы объектилерди тагыраак изилдөөгө жана алардын абалы тууралуу маалыматты санариптик форматта сактоого мүмкүндүк берет. Учурда таш доорунан XIX-XX кылымдарга чейинки экспонаттар изилдөөгө алынган. Астанада өткөн II Эл аралык археологиялык симпозиум Алькей Маргулан атындагы Археология институтунун 35 жылдыгына арналды. Иш-чарага Борбордук Азия, КМШ, Европа жана башка өлкөлөрдөн 150дөн ашуун изилдөөчү чогулду. Катышуучулардын көңүл борборунда археологиянын өнүгүшү жана эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү турат.
Асемгуль Касенова, А. Маргулан атындагы Археология институтунун башкы мүдүрүнүн илим боюнча орун басары:
– Биз ар кандай тарыхый мезгилдерге адистешкен АКШдан, Орусиядан, Өзбекстандан жана Азербайжандан изилдөөчүлөрдү чакырдык. Биз алар менен кызматташып жатабыз. Бул өлкөбүздүн гана эмес, бүтүндөй Евразия аймагынын тарыхый жазууларын камтыган хронологияны толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Атап айтканда, биз таш доорун изилдөөнү дүйнөлүк деңгээлде жүргүзүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

