Мунай-газ тармагындагы
өнөктөштүк, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы жана инвестициялык
кызматташууну кеңейтүүнүн келечеги Премьер-министр Олжас Бектенов менен
ExxonMobil Upstream компаниясынын мүдүрү
Дэн Амманндын жолугушуусунда талкууланды. Тараптар геологиялык чалгындоону
өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана өндүрүш процесстеринин
натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту. Дэн Амманн компаниянын
Казакстандын мунай-газ тармагындагы узак мөөнөттүү ишмердүүлүгүн улантуу ниетин
ырастады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун негизги багыттары
боюнча өз ара иш алып барууну улантууга даяр экенин билдиришти.
Которгон: Назира Бегалиева

