Президенттин Жолдоосун ишке ашыруу планы 12 багытты камтыйт

Президенттин Жолдоосун ишке ашыруу планы 12 багытты камтыйт

2027-жылы Казакстанда каржы рыногун өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын бекитүү пландалууда. Ал Казакстан фондулук биржасы, АЭКБ жана Alatau City юрисдикциясынын ортосунда активдүү кызматташтыкты карайт. Ошондой эле, мамлекеттик казынаны толугу менен санариптештирүү пландалууда. Ушул жана башка чаралар Өкмөт тарабынан бекитилген Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Жалпы улуттук пландын долбооруна киргизилди. Документ 12 багыт боюнча 96 иш-чараны камтыйт. Негизги демилгелердин арасында – «Элдик курулуш» программасын ишке ашыруу бар. Мындан тышкары, энергетикада электр станцияларын куруу жана модернизациялоо улантылат. Ал эми санариптештирүүнүн алкагында өлкөдө үчүнчү суперкомпьютердик кластер ишке киргизилип, параллелдүү түрдө жасалма интеллект жана блокчейн технологияларын колдонуу кеңейтилет. Бизнести колдоо үчүн жеңилдетилген каржылоо чаралары, чакан жана орто ишкердикти текшерүүлөргө үч жылдык мораторий киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган. Президенттик демилгелерди ишке ашыруунун конкреттүү механизмдери Өкмөттүн жыйынында талкууланды.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

– Өкмөт макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоого, өнөр жайды жана айыл чарбаны өнүктүрүүгө, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны модернизациялоого, социалдык колдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө басым жасашы керек. Мыйзам долбоорлорун өз убагында иштеп чыгуу, ошондой эле аларды Курултайда кароо камсыз кылынышы зарыл. Пландын ар бир пунктунун каржылоо маселелери иштелип чыгышы керек. Негизги милдет – бардык иш-чараларды натыйжалуу жана өз убагында аткаруу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков