Казакстан соттук экспертиза жаатында дароо төрт өлкө - Кытай, Грузия, Түркия жана Азербайжан менен кызматташтыкты кеңейтет. Жаңы келишимдер адистерге материалдарды жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын алмашууга мүмкүндүк берет. Мындай практика буга чейин КМШ алкагында өнүгүп келе жатат. Ошентип, быйыл бир нече эл аралык жолугушуулар өтүп, анда экспертизалык ишти стандартташтыруу жана санариптештирүү талкууланды. Мындан тышкары, бул чөйрөдө жасалма интеллект активдүү колдонулууда. Жаңы технологиялар сот системасынын маалыматтарын иштеп чыгууга жардам берет, бирок акыркы жыйынтыктарды жана чечимдерди дагы эле серепчилер кабыл алышат.
Бакытжан Байтилесов, Юстиция министрлигинин Соттук-медициналык экспертиза борборунун мүдүрү:
– Биз да соттук серепчилик ишибизге санариптештирүүнү, ошондой эле жасалма интеллектти киргиздик. Ооба, жасалма интеллект серепчинин ишин өзгөртпөйт, бирок ал серепчи үчүн жардамчы болуп саналат. Ал эмне кылат? Ал үчүн шаблондук корутундуларды даярдайт. Андан ары ички курамын серепчи өзү түзөт, анткени серепчинин санариптештирүү же жасалма интеллект менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Бирок бул мөөнөттү кыскартууга, базадан керектүү материалдарды, методикаларды табууга жардам бере алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

