Казакстан менен Түштүк Корея медиа тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Түштүк Корея медиа тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстандын Президентинин Телерадио комплекси менен Түштүк Кореянын эң ири жаңылыктар компаниясы Aju News Corporation кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ага Президенттин Телерадио комплексинин мүдүрү Раушан Кажыбаева жана Aju News Corporation компаниясынын төрагасы жана негиздөөчүсү Квак Ён Гиль кол коюшту. Азем Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Корея Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Өнөктөштүк тиешелүү материалдарды алмашууга жана Азия маалымат мейкиндигиндеги Казакстандын күн тартибин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Президенттин Телерадио комплексинин эл аралык өнөктөштүк тармагы учурда дүйнө жүзү боюнча 70ке жакын чет элдик медиа уюмдарын бириктирет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков